Бишкек шаардык кеңешке 5 партия келиши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековИтоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Итоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн өлкө боюнча 22 шаарда жана 389 айыл аймагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Алдын ала жыйынтыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешке беш партия өттү.

Бүгүн өлкө боюнча 22 шаарда жана 389 айыл аймагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Бишкек шаардык Кеңештеги 45 мандат үчүн 14 саясий партия ат салышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, Бишкек шаарында 129,7 миң шайлоочу (43,48 пайыз) добуш берди.

  • КСДП — 32395 (24,97%)
  • "Республика — Ата-Журт" — 30969 (23,87%)
  • "Өнүгүү-Прогресс" — 19 723 (15,20%)
  • "Мекеним Кыргызстан" — 16909 (13,03%)
  • "Кыргызстан" — 12124 (9,34%)
  • "Улуу Кыргызстан" — 1779
  • "Жаңы-Доор" — 1635
  • "Демократ"— 1625
  • "Кыргызстандын коммунисттер партиясы" — 1196
  • "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы" — 740
  • "Аалам" — 694
  • "Таза-Кыргызстан" — 576
  • "Кыргызстандын жашылдар партиясы" — 575
  • "Актив" — 173
  • Каршы 3452 (2,66%)
  • 5223 (4,02 пайыз) бюллетень жараксыз деп табылды.

Эгер алдын ала жыйынтыктар олуттуу өзгөрбөсө Бишкек шаардык кеңештеги 45 мандат төмөндөгүчө бөлүнөт: 

 

  1. КСДП — 13 
  2. "Республика — Ата-Журт" — 12 
  3. "Өнүгүү-Прогресс" — 8  
  4. "Мекеним Кыргызстан" — 7
  5. "Кыргызстан" — 5.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0