Рустам Курманов Дары-дармек департаментинин жетекчилигинен алынды

Жазылуу
Курманов кызматка тогуз жыл мурун ошол кездеги премьер-министр Азим Исабековдун буйругу менен дайындалган.

БИШКЕК, 23-дек. – Sputnik. Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директору Рустам Курманов жумушунан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Регистрация кандидатов в мэры Москвы А.Навального и С.Митрохина - Sputnik Кыргызстан
Миграция кызматынын жетекчилигине Медетбек Айдаралиев дайындалды
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду.

Маалыматта Курманов кызматтан Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен алынганы айтылат. 

Эскерте кетсек, департаменттин ишин териштирүүнүн негизинде коррупциялык багыттагы 10 кылмыш иши козголуп, мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 22 миллион 327 миң 715 сомду түзгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Курманов аталган кызматка 2007-жылы ошол кездеги премьер-министр Азим Исабековдун буйругу менен дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0