Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер көрсөтпөйт

Жазылуу
Өкмөт башчы демократиялык принциптерди өнүктүрүү максатында мэрликке талапкер көрсөтүү укугунан баш тартты. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 11-январда өткөрүлөт.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер көрсөтүү укугун колдонбой турганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти бийлей турган талапкерлер тууралуу 5 факты
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 11-январда өткөрүлөт. Анда эки талапкер ат салышат. Алардын бири учурдагы мэр Албек Ибраимов болсо, экинчиси "Өнүгүү- Прогресс" фракциясынан Нурлан Абдылдаев болуп эсептелет. Шаар мэрлигине талапкерлерди Бишкек шаардык кеңештин фракциялары, коалиция жана премьер-министр көрсөтүүгө укуктуу. 

"Демократиялык принциптерди өнүктүрүү, шаардык кеңештин депутаттарынын жоопкерчилигин күчөтүү жана таза шайлоо өткөрүү максатында мэрликке талапкер көрсөтүү укугун колдонбоо чечимине келдим", — деп билдирген Жээнбеков. 

Ал ошондой эле Жергиликтүү кеңештин депутаттары Аймактык шайлоо комиссиясы менен биргеликте бардык мыйзамдарды эске алуу менен шайлоону тийиштүү деңгээлде өткөрөрүнө ишенерин белгилеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0