Иса Өмүркулов: 2010-жылы ар бир чалуудан алынган 60 тыйындын дайыны кайда?

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР
Заседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 60 тыйындан MegaCom компаниясы 320 миллион сом пайда көргөндүгүн кошумчалады.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 2010-жылы ар бир чалуу үчүн алынган 60 тыйындан чогулган каражат кайда кетти? Аталган маселени КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам каралып жатканда көтөрдү. 

Эл өкүлүнүн айтымында, ар бир чалуу үчүн 60 тыйын алуудан MegaCom компаниясы 320 миллион сом пайда көргөн. 

"Кошумча чогултуудан бир гана MegaCom эмес, башка компаниялар да алышкан да. Алардын отчеттору кайда?" — деди депутат. 

Өмүркулов өкмөт өкүлдөрүнөн жазуу түрүндө маалымат берүүсүн талап кылды.

Эскерте кетсек, 2010-жылы уюлдук компаниялар ар бир чалуу үчүн 60 тыйындан алуу чечимин чыгарган. Ошондон кийин бир нече ирет митингдер өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0