Атамбаев өзбек премьер-министринин орун басарын кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев 18-январда Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамовду кабыл алды
Алмазбек Атамбаев 18-январда Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамовду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы достук жана жылуу коӊшулук мамилелерди бекемдөө чараларын ар тараптуу колдоо жанданганын канааттануу менен белгиледи.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputik. Алмазбек Атамбаев 18-январда Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Икрамов маданият, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо маселелери боюнча комплексин дагы жетектейт.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча позицияларды тактоо жагында биргелешкен иштери тууралуу маалымат берилди. 

"Бул ишти ылдамдатуу боюнча макулдашуу президент Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында түзүлгөн. Жолугушууда мындан тышкары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын өз ара аракеттенүүсүнүн эң приоритеттүү чөйрөлөрүндөгү маанилүү маселелер да талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Атамбаев Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы достук жана жылуу коӊшулук мамилелерди бекемдөө чараларын ар тараптуу колдоо жанданганын канааттануу менен белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0