Түрк парламенти бийликти президентке өткөрүп бермей болду

© AFP / ADEM ALTANТүркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү
Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жылдан кийин күчүнө кире турган Баш мыйзамдагы өзгөрүүлөр президенттик укукту кыйла кеңейтет. Тийиштүү мыйзамдын кабыл алынышына 550 депутаттын 339у макул болду.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Түрк парламенти көпчүлүк добуш менен башкаруунун президенттик формасына өтүү каралган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун колдоп берди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 

18 беренеден турган мыйзамга 550 депутаттын 339у макулдугун берген. Эми мыйзам референдумга коюлуп, анын жыйынтыгы менен акыркы бүтүм чыгат.

"Парламентке ыраазычылык билдирем, эмки сөз элде", — деди Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым.

Жакын арада аталган мыйзамга президент Режеп Тайип Эрдогандын кол коюлушу күтүлүүдө. Референдум мыйзам расмий басылмага чыккандан 60 күн өткөндөн кийинки күнгө белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0