Алмазбек Атамбаев 23-январда президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязовду кабыл алуу учурунда

Конституциянын расмий текстин жарыялоого даярдык көрүлүп жатат

173
(жаңыланган 14:03 23.01.2017)
Мамлекет башчынын буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ ишин аяктап жатат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев 23-январда президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязовдон 2016-жылы 11-декабрда өткөн референдумдун жыйынтыктары боюнча киргизилген оӊдоолорду эске алуу менен КР Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иши тууралуу кабардар болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР
Конституциянын расмий тексттин жарыялоого даярдык көрүлүп жатат

Ниязовдун айтымында, мамлекет башчынын буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ ишин аяктап жатат. 

Рабочее совещание по обсуждению мер по реализации Закона КР О внесении изменений в Конституцию
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
"Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ушул мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен КР Конституциясынын расмий тексти президент тарабынан ушул Мыйзам күчүнө киргенден тартып он төрт күндөн кеч эмес убакта жарыяланууга тийиш. 

Мында референдумда кабыл алынган Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуудан тышкары, мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттердин бир катар шайкеш келбестиктерин жоюуну талап кылат.

Мамлекет башчысы жасалган иштердин маанисин белгилөө менен ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү менен тартылган эксперттердин бул жооптуу ишти аткарууга өтө олуттуу жана дыкат мамиле жасоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

173
Белгилер:
конституция, Фарид Ниязов, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан
Тема:
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (115)
Тема боюнча
Жаңы кабыл алынган Баш мыйзам бүгүн күчүнө кирди
Атамбаев Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду