Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өзгөртүлгөн жаңы Баш мыйзамын жарыялоо боюнча жарлыкка кол койуу учурунда

Атамбаев Баш мыйзамды жарыялоо боюнча жарлыкка кол койду

125
(жаңыланган 12:14 27.01.2017)
Жаңы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр үстүбүздөгү жылдын 15-январында күчүнө кирген. Ал эми айрым беренелер 2017-жылдын 1-декабрынан баштап иштей баштайт.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өзгөртүлгөн жаңы Баш мыйзамын жарыялоо боюнча жарлыкка кол койду.

Кол коюу аземи жума күнү өттү.

2016-жылдын 11-декабрында референдум өтүп, анда добуш бергендердин 79,6 пайызы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогон. Президент 28-декабрь күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койгон. Жаңы киргизилген өзгөртүүлөр 15-январда күчүнө кирген. Баш мыйзамдагы беш берене (бийлик бутактарына тиешелүү болгон 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелер) 2017-жылдын 1-декабрынан баштап иштей баштайт.

Ведомстволор аралык жумушчу топ ушул күнгө чейин оңдолгон Баш мыйзамды расмий жарыялоого даярдап келди.

Өзгөртүүлөрдүн максаты — эгемендүүлүктү, суверенитетти, парламентаризмди бекемдөө, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бутактарынын иштешүү принциптерин так аныктоо болуп эсептелет. Мындан тышкары, Баш мыйзам сот системасы менен укук коргоо органдарына реформа жүргүзүүнү улантууга шарт түзүүсү керек.

Баш мыйзамда эмнелер өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин инфографикасынан көрүңүздөр>>

125
Белгилер:
жарлык, конституция, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан
Тема:
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (115)
Тема боюнча
Конституциянын расмий текстин жарыялоого даярдык көрүлүп жатат
Өкмөт жаңы Баш мыйзамдагы дал келбестиктерди жөнгө салат