Атамбаев: жаңы Конституцияны кабыл алуу менен өлкө басмырланган абалдан чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин айтымында сырткы күчтөр өлкөгө басым жасап, Жогорку сотко кысым жасаганга чейин барган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстан жаңы Конституцияны кабыл алуу менен басмырланган абалдан чыккандыгын президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды расмий түрдө жарыялоо боюнча жарлыкка кол коюп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 11-декабрында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдүм өткөн.

Атамбаев бүткүл элдик добуш берүүгө катышкан коомчулукка ыраазычылык билдирип, Кыргыз эли келечегин ойлогон калк экендигин далилдегендигин кошумчалады.

"Биз жаңы Конситуцияны кабыл алуу менен басмырланган жагдайдан чыгуудабыз. Анткени сырткы күчтөр Жогорку сотко басым жасап, кылмышкерлерге чечим кабыл алууда кысым кылган жагдайлар түзүлгөн", — деди Атамбаев.

Өлкө башчысы Кыргызстан эл аралык нормаларды сактай тургандыгын, бирок көз карандысыз экендигин кошумчалады.

Баш мыйзамда эмнелер өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0