Жалал-Абад ОИИББдин жетекчиси кызматынан бошотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековПравоохранительные органы Кыргызстана
Правоохранительные органы Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин коллегиянын жыйынтыгы менен министрликтин аймактык башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн бир катар башчылары кызматтан алынып, айрымдарына сөгүш берилген.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облустук ИИББдин башчысы Жеңиш Жоробеков кызматынан бошотулганын ИИМдеги булак Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков ИИМдин негизги милдеттерин атады
Эмне себептен кызматтан алынганы аныктала элек. Бирок ишенимдүү булактын берген маалыматына ылайык, ОИИББдин ишмердигиндеги кемчиликтер баса белгиленген.

Буга чейин ИИМдин маалымат кызматы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрүлгөнүн билдирген. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков жер-жердеги кээ бир жетекчиликтер тарабынан жумушту уюштуруу, элдин коопсуздугун камсыз кылуу, кылмышка каршы күрөшүү боюнча кемчиликтер бар экенин айткан.

"Коомдук жайларда жасалган кылмыштардын кээ бир түрлөрү, тактап айтканда бейбаштык, денеге оор залал келтирүү, адам өлтүрүү, тоноо жана башка кылмыштардын саны Бишкек, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Ош шаары, Жалал-Абад жана Ош облустарында өсүп кеткен. Биз бардык багытта иштиктүү кадамдарга барып, элге кызмат кылуунун сапатын жогорулатуу, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө тийишпиз", — деди ал.

Министр Улан Исраилов коллегиянын жүрүшүндө ИИМ тарабынан коюлуп жаткан айрым бир тапшырмалар аткарылбай жаткандыгын катуу сынга алып, кемчиликтерди ушул жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен жоюу талаптарын койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0