РАЖ төраганы кетирүү демилгесинен баш тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековСпикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, РАЖ төрага Турсунбеков регламентти бузду деп аны ордунан чакыртып алуу демилгесин көтөргөн.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясы төрага Чыныбай Турсунбековду чакыртып алуу боюнча демилгесинен баш тартты. Бул тууралуу фракция лидери Өмүрбек Бабанов спикер менен биргелешип берген маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, РАЖ төрага Турсунбековго регламентти бузду деп кине койгон.

"Регламент маселеси боюнча биз бир пикирге келдик. Маселени Жогорку Кеңештин күн тартибине чыгаруу боюнча чечимибизден баш тарттык", — деди Бабанов.

Выборы торага Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Саясий тиреш: "Ата-Мекен" премьерди, РАЖ төраганы алып түшөбү
Ал эми төрага Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештеги регламентте алешимдиктер боюнча бир пикирге келгенин ырастап, парламент комитет мүчөлөрү депутаттардын санына жараша болушу керектиги боюнча сүйлөшүү болгонун айтты.

Өз кезегинде Бабанов Жогорку Кеңеште бир партия үстөмдүк кылбашы жана депутаттардын бардыгына сөз берилиши керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0