Шайлоо шарапаты: айыл өкмөткө эл өктөмдүк кылабы же депутаттарбы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПодготовка к выборам в Кыргызстане
Подготовка к выборам в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл өкмөт башчыларын ким шайлашы керек? Элби же депутаттарбы? Аталган суроого жооп төмөнкү макалада.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо керек деген мыйзам долбоорун демилгелеп, ал бүгүн ЖКда каралды. Маселе кызыл талкууга жем таштап, айрым депутаттар демилгени колдоого алса, калгандары караманча каршы чыгышты. Кызуу талаштан кийин мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Кенжебек Бокоев
Депутат Кенжебек Бокоев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Кенжебек Бокоев

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган маселени тереңирээк карап көрүүнү туура көрдү.

Демилгечинин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары эмес, эл шайлайт. Мындан сырткары, айыл өкмөт менен жергиликтүү кеңештин мөөнөтү төрт жылдан беш жылга чейин узартылат.

"Учурда айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлайт. Буга эл нааразы. Анткени айыл өкмөт депутаттардын жарымынан көбүнүн добушун алса эле шайланып калат. Ошол аз гана депутат менен бюджеттери бекилип, маселе чечилип жатат. Эл айыл өкмөт башчыларын тааныбай да калууда", — деди депутат.

Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Сариев: өлкө президенттигине болгон атаандаштык курч болот
Бокоев түз шайлоо болсо талапкерлердин жоопкерчилиги күчөй тургандыгын кошумчалады.

"Түз шайлоодо кандидат ар бир шайлоочу менен жолугуп, жоопкерчилик көбүрөөк болот. Буга чейин 2001 жана 2005-жылдары түз шайлоо болуп, элге жаккан. Ошондуктан талап кылып жатышат да", — деди эл өкүлү.

Ал буга чейин эки ирет айыл өкмөт башчы болуп шайлангандыгын, маселени өз башынан өткөргөндүгүн кошумчалады.

"Мен 2005-жылы ар бир көчөнү кыдырып, программам менен тааныштырып чыккам. Ошонун арты менен элдин ишеничине кирип, шайлангам. Жоопкерчилик чоң болчу. Ал эми экинчи мөөнөткө депутаттар эле шайлап, эл шайлоо болгонун укпай да калышкан", — деди Бокоев.

Ал депутаттарды сатып алуу, коркутуу оңой экендигин, ал эми элди коркутуу мүмкүн эмес экендигин кошумчалады. Бокоев бул өзгөрүүлөр жакшы жыйынтык берсе, мэрлер дагы эл тарабынан шайланаарын белгиледи. 

Анткен менен "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков айыл өкмөт башчылары эл тарабынан шайланса депутаттар менен эсептешпей калат деген ойдо. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Дастанбек Джумабеков
Депутат Дастанбек Джумабеков  - Sputnik Кыргызстан
Депутат Дастанбек Джумабеков

"Элдин ишенимине ээ болуп, алардын атынан сүйлөөгө укук алган депутаттар бар да. Элдин атынан айыл өкмөт башчыларын депутаттардын шайлаганы туура деп ойлойм. Эгерде айыл башчыларды эл шайласа көчө-көчө, уруу-уруу болуп бөлүнүү башталат", — деди Жумабеков.

Города мира. Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Өксүгөн өкмөт, кыйраган коалиция: алты жыл ичинде оомат канча жолу оодарылган?
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Муратбек Нышанбаев айыл өкмөт башчыларын эл шайлаганы дурус деген ойдо.

"Менин оюмча эл шайлаганы жакшы го. Анткени талапкерлер жалпы элдин элегинен өтөт. Жалпы эл шайлагандан кийин жоопкерчилик күчөйт. Ал эми мөөнөтүн төрт жылдан беш жылга чейин узартуунун зарылдыгы жок", — деди Нышанбаев.

Ушул эле айыл өкмөттү буга чейин башкарып келген Нурлан Абдраев айыл өкмөт башчыны атайын дайындоо керек деген ойдо. 

© Фото / Портал электронных обращений граждан в госорганы КРКызыл-Суу айыл өкмөтүн буга чейин башкарып келген Нурлан Абдраев
Первый заместитель главы районной государственной администрации Нурлан Абдраев - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Суу айыл өкмөтүн буга чейин башкарып келген Нурлан Абдраев

"Менин жеке пикиримде эл дагы, депутаттар дагы шайлаганы туура эмес. Атайын дайындоо болсо туура болмок. Анткени шайлоонун арты менен акчалуулар келип калышы мүмкүн. Эгерде атайын дайындоо болсо, кадрдык саясат оңолуп, тажрыйбалуулар келмек", — деди Абдраев.

Ал эми төрт жолу айылдык депутат болуп шайланган Осмонбек Абылкасымов эки учурдун тең терс жактары бар экендигине токтолду.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: айрым саясатчылар мени отставкага кетирүүнү көздөп жатат
"Эл шайлай турган болсо айыл-айыл, уруу-уруу болуп бөлүнүү башталат. Эл талапкерлердин билимине, тажрыйбасына карабай эле туугандыгына, уруусуна карап калат. Анын арты менен бийликке жогорку билими жок адамдар келген учурлар болгон. Ал эми депутаттар шайлай турган болсо, айыл өкмөт башчынын иштешине эркиндик бербейт. Эки топко бөлүнүп алып, тагдырыңды биз чечебиз деп кыйнай беришет", — деди Абылкасымов.

Ал аким тарабынан дайындоо жакшы жыйынтык бере тургандыгын кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, өткөн жылдын декабрь айында өлкө боюнча 411 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтүп, 370 айыл өкмөт башчылары, мэрлер шайланды. Ал эми 40 жерде экинчи тур өтүп, эки турдун жыйынтыгы менен да 10 жерде (3 шаар, 7 айыл өкмөттө) жетекчилер шайланган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0