Улуттук Гвардия менен Чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын жоокерлери. Архив
Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эки ири күч түзүмү жаңы жетекчилүү болду.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жаңы командачысын, ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызмат төрагасынын жаңы орун басарларын дайындаган Жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Катардагы жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жазындагы аскерге чакыруу башталды
КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачысы болуп Алмазбек Карасартов дайындалды. Андан сырткары, Мамлекеттик чек ара кызматына жаңы эки жетекчи келди. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси милдетин Уларбек Шаршеев аткармай болду. Ал эми аталган кызматтын төрагасынын орун басарлыгына Данияр Сатимов дайындалды.

Ал эми буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси болуп келген Бакыт Жылтыров президенттин Жарлыгы менен кызматтан бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0