Мамкаттоонун төрагасы Тайырбек Сарпашев убактылуу отставкага кетүүнү чечти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Тайырбек Сарпашев
Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Тайырбек Сарпашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тайырбек Сарпашевдин айтымында, анын милдетин үч орун басарынын бири убактылуу аткарып тура алат.

БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына убактылуу отставкага кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Сарпашев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдин жакындарына тиешелүү мүлктөр боюнча кылмыш иши козголду
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгарууга буйрук берген деп айыптап, аны кызмат ордунан алуу боюнча өкмөт башчыга сунуш жөнөткөн

Ал эми дүйшөмбү күнү Башкы прокуратуранын сунуштамасын кароо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Комиссия бир айлык мөөнөт ичинде Башкы прокуратуранын сунуштамасын карап чыгып, премьер-министрге тиешелүү сунуш берүүсү керек.

"Менин үч орун басарым бар. Эгер өкмөт башчы менин арызымды кабыл алса алардын бири төрагалык милдетти аткарып тура алат деп ойлойм. Берилген бир айдын ичинде ким эмнеге кызыкдар экени белгилүү болуп калат", — деп билдирди Сарпашев.

Тайырбек Сарпашев мындан аркы кадамы кандай болорун айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Тайырбек Сарпашев мындан аркы кадамы кандай болорун айтып берди
л ошондой эле жума күнү Башкы прокурор Индира Жолдубаевага акыйкаттуу иликтөө жүргүзүү суранычы менен арыз жазганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жумушчу комиссиянын төрагасы болуп вице-премьер министр Жеңиш Разаков дайындалды. Анын курамына соттук өкүлчүлүк борборунун, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын, Юстиция министрлигинин, өкмөттүн алдындагы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жана өкмөт аппаратынын өкүлдөрү кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0