Президент Диний иштер боюнча комиссияга жаңы жетекчи дайындады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года
Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зайырбек Эргешов мурда президенттин аппаратынын этникалык, диний саясат жана жарандык коомчулук менен өз ара кызматташуу бөлүмүн жетектеген.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы жетекчиси болуп Зайырбек Эргешов дайындалганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Эргешовдун жаңы кызматы боюнча Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Ал мурда президенттин аппаратынын этникалык, диний саясат жана жарандык коомчулук менен өз ара кызматтагуу бөлүмүн жетектеген.

Ал эми Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси катары эки жыл бою Орозбек Молдалиев эмгектенген. Аны президент 2016-жылдын ноябрь айында кызматынан алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0