Тайырбек Сарпашевдин убактылуу отставкага кетүү суранычын өкмөт башчы орундатты

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин архивдик сүрөтү
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тайырбек Сарпашев убактылуу кызматынан четтетилип, анын милдетин орун басары Күмүшбек Шамканов аткармай болду.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин ведомстволор аралык комиссиянын иши учурунда кызматтан четтетип туруу арызын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков канааттандырганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын кызматын убактылуу аткаруу милдети жетекчинин орун басары Күмүшбек Шамкановго жүктөлдү.

Эске сала кетсек, МККнын төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүч катын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия премьер-министрдин тапшырмасы менен түзүлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0