БАЭ менен Австрияга Кыргызстандын жаңы өкүлдөрү дайындалды

Жазылуу
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бириккен Араб Эмираттарына Кыргызстандын жаңы консулу, ал эми Австрияга элчи дайындалганын президенттин аппаратынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Дубай шаарындагы башкы консул болуп Айбек Маматбеков, Австрияга элчи болуп Бакыт Жусупов дайындалган.

"Ошондой эле Австриядагы элчи Бакыт Жусупов Кыргызстандын ЕККУ менен Вена шаарындагы эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлү кызматын аркалайт", — деп айтылат маалыматта. 

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0