Төрөбай Зулпукаров: КСДП президенттикке талапкер көрсөтөт

Жазылуу
Буга чейин Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаев президенттикке аттанышкан.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. КСДП президенттикке талапкер көрсөтөт. Бул тууралуу аталган фракция лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров парламентте сүйлөп жатып айтты.

Эске сала кетсек, президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрь күнү болору белгилүү болгон.

"Президенттикке аттангандар ачыкка чыгып, пиарларын баштады. Айрымдары кара пиар менен алектенип, КСПД мурас катары талапкер чыгарбашы керек деген пикирди жайылтууга аракет кылууда. КСДП президенттикке талапкер көрсөтөт. Америкада дагы президент каалаган талапкерлигине жан тартат го", — деди Зулпукаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаев президенттикке аттанышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0