Жалал-Абад ОИИБине жаңы жетекчи болуп Акылбек Мамасейтов дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековФуражка милиционера в Кыргызстане
Фуражка милиционера в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамасейитовго чейин облус милициясын жетектеп келген Жеңиш Жоробеков 4-февраль күнү кызматтан четтетилген.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жалал-Абад ОИИБнин башчысы болуп милициянын подполковниги Акылбек Мамасейитов дайындалганын облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти. 

"Бүгүн жаңы жетекчини Жалал-Абад облустук милициясынын өздүк курамына ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов тааныштырды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Мамасейитов буга чейин ИИМдин 10 башкы башкармалыгынын мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жана коомдук бирикмелер бөлүмүн жетектеген. Ички иштер органдарында 22 жылдан бери иштеп келүүдө. 

Мамасейитовго чейин облус милициясын жетектеп келген Жеңиш Жоробеков 4-февраль күнү кызматтан четтетилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0