Талапкерликтен инаугурацияга чейин. Президенттик шайлоонун календары

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүВыборы президента Киргизии
Выборы президента Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл өлкө башчы Атамбаевдин президенттик мөөнөтү соңуна чыгып, жыл аягында шайлоо өтөт. Президент добуш берүү 19-ноябрда боло турганын жар салды. Аталган билдирүүдөн кийин президенттик шайлоонун тартиби тууралуу билип көрдүк.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылы өтө турган президенттик шайлоо өлкөдөгү башкы саясий окуя болоору бышык. Буга чейин Алмазбек Атамбаев БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып жатканда шайлоо 19-ноябрь күнү өтөрүн билдирди. Ал эми ага чейин Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев расмий түрдө жарышка аттангандыктарын жар салышкан.

Возложение президентами цветов к Мемориалу памяти погибших в 1916 году в комплексе Ата-Бейит - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Кыргызстандын президенти ким болорун Москва менен Вашингтон чечпейт
Sputnik Кыргызстан агенттиги мыйзам боюнча президенттик шайлоо кандай тартипте өтөрүнө токтолду. Бул даталар алдын ала гана берилген маалымат. Анткени азырынча шайлоо күнү бекитилген расмий документ чыга элек. Мындан сырткары, күндөр боюнча БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов түшүндүрмө берди.

Президенттик шайлоонун тартиби жана даталары (каша ичинде мыйзамдагы беренелер көрсөтүлгөн)

1. ЖК депутаттары 19-июлга чейин шайлоо өтө турган күндү бекитүүсү зарыл (кезектеги президенттик шайлоо ЖК тарабынан шайлоого 4 ай калганда бекитилет)

2. Бир канча күндөн кийин ЖКнын чечими "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланат (гезит экинчи, бешинчи күндөрү чыгат. Андыктан 19-июлдагы чечим 21-июлда чыгышы мүмкүн);

3. 22-июлдан 4-сентябрга чейин президент болом дегендер талапкерлигин көрсөтөт (Талапкерлер шайлоого 75 күн калганга чейин көрсөтүлүшү керек);

4. 30-сентябрга чейин талапкерлер аны колдогон 30 миң адамдын колун тапшыруусу керек (кол шайлоого 50 күн калганга чейин чогултулуп, 10 күн ичинде текшерилет);

Подготовка к выборам в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо шарапаты: айыл өкмөткө эл өктөмдүк кылабы же депутаттарбы
5. 5-октябрга чейин талапкерлер документтерин БШКга тапшыруусу керек (талапкерлер шайлоого 45 күн калганга чейин тиешелүү документтерин тапшыруусу керек);

6. 15-октябрга чейин БШК талапкерлерди каттап же баш тартышы керек (БШК 10 күн ичинде талапкерлерден келген документтерди текшерип чыгып, каттап же баш тартуусу керек. Баш тарткан учурда себептерин түшүндүрүп берүүсү шарт);

7. Талапкерлерди каттоо 14-октябрь күнү аяктайт (талапкерлерди каттоо шайлоого 35 күн калганга чейин бүтүшү керек);

8. 4-сентябрдан 14-октябрга чейин кыргыз тили боюнча экзамен тапшырылат (талапкерлердин кыргыз тилин канчалык деңгээлде билери текшерилет);

9. 14-октябрдан 18-ноябрга чейин шайлоо өнөктүгү башталат (шайлоо өнөктүгү талапкерлерди каттоо токтотулгандан тарта башталып, шайлоого 24 саат калганда токтотулат);

10. 25-октябрга чейин бюллетендин тексти жана формасы бекитилет (шайлоого 25 күн калганга чейин бюллетень бекитилет);

11. 18-ноябрь — жымжырттык күнү;

12. 19-ноябрь шайлоо күнү;

13. 10-декабрга чейин шайлоо жыйынтыгы чыгышы керек (БШК шайлоо бүткөндөн кийин 20 күн ичинде жыйынтыгын чыгарышы керек);

14. Шайлоо эки турдан өтө турган болсо кийинки шайлоо 23-декабрдан кийин өтүшү керек (экинчи тур шайлоо жыйынтыгы чыккандан кийин 2 аптадан кийин болот)

15. Эгерде шайлоо бир тур менен эле өтсө инаугурация 9-декабрдан 8-январга чейин өтүүсү зарыл (шайланган президент 30 күн ичинде ант бериши керек).

Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Сариев: өлкө президенттигине болгон атаандаштык курч болот
Белгилей кетсек, бул даталар өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бирок өтө чоң өзгөрүү болушу күтүлбөйт.

Талапкерлердин саны боюнча чектөө коюлбайт. Бирок башка чектөөлөр бар:

Талапкер 35 жаштан 70ке чейинки адам болуп, кыргыз тилин билип, өлкөдө 15 жыл жашашы керек. Мындан тышкары, бир адам экинчи мөөнөткө өлкө башчысы болуп шайлана албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0