Атамбаевдин Россияга иш сапары менен барышы күтүлүүдө

Жазылуу
Кыргызстан менен Россия бардык тараптан кызматташууда. Анын ичинде мамлекет башчылары да такай жолугуп турушат.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга болчу иш сапары азыр каралып жатканын вице-премьер министр Олег Панкратов "Россия – Кыргызстан: келечекке багытталган өнөктөштүк" аттуу эл аралык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Россия бардык тараптан кызматташууда. Анын ичинде мамлекет башчылары да такай жолугуп турушат.

"Жакында Россиянын президенти Владимир Путин келет. Ошондой эле Кыргызстандын президентинин Россияга боло турчу иш сапары дагы каралууда", — деди вице-премьер.

Бирок ал президенттин сапары качан болорун жана кайсы маселелер талкуулана турганы боюнча так айткан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0