Сооронбай Жээнбеков Пакистанга саммитке катышуу үчүн кетти

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев13-й Саммит Организации экономического сотрудничества (ОЭС) в Исламабаде
13-й Саммит Организации экономического сотрудничества (ОЭС) в Исламабаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбековду Исламабад шаарынын аэропортунан Пакистандын федералдык министри Риаз Хуссаин Пирзада жана Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев тосуп алган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Пакистандагы 13-экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышууга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбековду Исламабад шаарынын аэропортунан Пакистандын федералдык министри Риаз Хуссаин Пирзада жана Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев тосуп алган.

"Саммит Исламабад шаарында бүгүн өтөт. Катышуучулар ар тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшүп, бир катар актуалдуу маселелерди талкуулайт. Иш-чаранын соңунда Исламабад декларациясын кабыл алышат",— деп жазылат маалыматта.

Экономикалык кызматташтык уюму 1985-жылы аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Ага Кыргызстан 1992-жылы кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0