Сегизбаев: Текебаевдин акча алгандыгы боюнча далилдер жетиштүү

© Фото / пресс-служба ЖКПредседатель Государственного комитета национальной безопасности страны Абдиль Сегизбаев
Председатель Государственного комитета национальной безопасности страны Абдиль Сегизбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК жетекчиси депутатты аэропорттон атайын даярдыктагы жоокерлер эмес, тергөөчүлөр эле барып алып келгенин кошумчалады.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Өмүрбек Текебаевдин Маевскийден акча алгандыгы тууралуу керектүү далилдер бар. Бул тууралуу УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, ушул тапта Сегизбаев Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

"Текебаевдин акча алгандыгы тууралуу далилдер Маевский экөөнө ортомчу болгон Алексей Модиндин көрсөтмөлөрү менен чектелбейт. Бир канча күбөлөр бар. Андан башка да далилдерибиз жетиштүү. Бирок азыр тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу айта албайбыз. Депутат болобу, карапайым болобу, мыйзам баарына бирдей. Текебаев колдон келишинче аяр мамиле менен УКМКга алынып келинди", — деди Сегизбаев.

Ал депутатты атайын даярдыктагы жоокерлер эмес, тергөөчүлөр эле барып алып келгенин кошумчалады.

Эске салсак, фракция лидери Өмүрбек Текебаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин камакка алынган. Башкы прокуратура эл өкүлүнө "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0