БШК: Текебаев кесилип эле кетпесе президенттикке ат салыша алат

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция лидера фракции "Ата Мекен" Омурбека Текебаева
Пресс-конференция лидера фракции Ата Мекен Омурбека Текебаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" партиясы Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары сунуштады. Анткен менен эл өкүлү учурда УКМКнын убактылуу жайына эки айга камакка алынган.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевди сот кесип эле жибербесе президенттик шайлоого катыша аларын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, 5-мартта "Ата Мекен" фракциясы чукул съезд өткөрүп, Текебаевди президенттикке көрсөтүү чечимин кабыл алышкан. Анткен менен эл өкүлү учурда УКМКнын убактылуу жайында камакта.

"Текебаевге же дагы башка талапкерлерге карата соттун өкүмү чыкпаса алар шайлоого катыша алат. Эгер соттун өкүмү чыкса алар дароо шайлоодон четтетилет", — деди Бекматов.

Ал муну менен бирге Жогорку Кеңеш шайлоонун так күнүн беките элек болгондуктан БШК эч кандай аракет кыла албастыгын кошумчалады.

Выборы президента Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Талапкерликтен инаугурацияга чейин. Президенттик шайлоонун календары
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Текебаевге карата "коррупция" жана "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эл өкүлү эки ай камакка алынып, 25-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Эл өкүлү 2010-жылы убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Россиядагы телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевскийге MegaCom компаниясынын акциясын алууга жардам берем деп бир миллион доллар алган деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0