Кыргызстандын президента Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү

Атамбаев ЖКны таратууну колдоорун айтып, депутаттарга нааразы болду

1231
(жаңыланган 15:25 06.03.2017)
Президент Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып бара жатат деген пикирин айтты.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти таратуу демилгесин колдой турганын "Ала-Арча" резиденциясындагы элдин тарыхый жана маданий мурастарын өнүктүрүүгө салым кошкондорду сыйлап жатканда айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн президент майыптардын "Талыкпас-Ата" коомунун жетекчиси Турсунбек Абдылдаевге, "Тумар" тобунун бийчиси Самыйбек кызы Адинага жана Ат-Башы районун тургуну Рахатбек Усенкожоевго "Даңк" орденин тапшырды.

"Карга карганын көзүн эч качан чукубайт деген сөз бар. Эл бузарларды, мародерлорду тайраңдатып, балыктай болуп карап отурганча, чын эле депутат Бакыт Төрөбаевди колдоп, тарап эле кетпейсиңерби? Же болбосо, мыйзамды сыйлап, өлкөнүн тагдырын ойлоп, эл үчүн иштебейсиңерби? Кудайдан корккула да!" — деди Атамбаев.

Президент буга кошумча Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып бара жатат деген пикирин айтты.

Атамбаев бул иш-чарада быйылкы жылдын 16-январында Дача айылына кулаган жүктүү учактын президентке тиешеси бар деген пикирлер айтылып жаткандыгына токтолду.

"Ураган "Боингде" "Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон", "Атамбаевдин Кипрде акчасы бар", "Атамбаевдин аялынын эсебинде акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон" деген ушактар парламенттин трибунасынан айтылып, Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат. Ал депутаттар чындыкты билгиси келсе, эки айдан бери ызы-чуу салбай, Гонконгко, Стамбулга деле барып келишсе болмок да ", — деди президент.

Атамбаев бул үчүн эл өкүлдөрүнө учакка билет сатып берүүнү сунуштаган.

1231
Белгилер:
авиакырсык, сыйлоо, Жогорку Кеңеш, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
"Коррупция" жана "алдамчылык" беренелери менен айыпталгандарды кандай жаза күтөт
Башкы прокуратура Кипрден Атамбаевге тиешелүү мүлк тапкан жок