ЖКнын аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев кызматтан кетти

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевдин архидвик сүрөтү
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевдин архидвик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдыманап Кутушев өз ыктыяры менен арыз жазган.

БИШКЕК, 10-Мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев кызматтан кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппаратынан билдирди.

Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Кубанткан жана кубарткан мандаттар. Ким келип, ким кетти
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Абдыманап Кутушевди кызмат ордунан бошотууну талап кылган. Мунун себебин алар Кутушевдин чет өлкөлөргө болгон негизсиз сапарлары менен байланыштырышып, кызматка дайындалгандан бери 10 ай ичинде сегиз жолу чет өлкөгө барганын айтып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, Кутушев өз ыктыяры менен арыз жазып, ага төрага Чыныбай Турсунбеков кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0