Атамбаев: ушакчылар, жалаа жапкандар жазалана турган кез келди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архидвик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архидвик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев журналисттердин негизги милдети жана укуктары бирөөнү ушактап, жалган жалаа жабуу эмес, элге ачык-айкын маалыматтарды жеткирип туруу экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 11-март. — Sputnik. Өлкөдөгү эркиндик үчүн күрөшкөндөрдүн атын жамынып алып ар кандай иштерди жасап жаткандарга мыйзам эл тарабынан шайланган президентке эле эмес, баарына бирдей экенин эскертүүгө убакыт келип жетти. Бул туурасында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өз кайрылуусунда билдирген.

Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев жана башка тың чыкмалардын ар-намысы канча турат
Анда соңку учурларда Кыргызстанда бир топ көз карандысыз журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана саясатчылар ар кандай ушактарды чыгарып, ыплас кептерди эң биринчилерден болуп президенттин дарегине жаадырып жатканы айтылат.

Мындан сырткары, Атамбаев журналисттер бирөөнү ушактап, жалган жалаа жабуу эмес, элге ачык-айкын маалыматтарды жеткирип турууга милдеттүү экенин баса белгиледи.

"Көз карандысыз журналистер, айрым ЖМК менен саясатчылардын негизги максаты акыйкатка жетүү эмес, алар эл шайлаган мамлекет башчыга жалаа жаап, ар кандай ушактарды таратуу менен кырдаалды курчутуп, алдыдагы президенттик шайлоого катышууну көздөп жатканын кыргыз эли түшүнүшү керек", — деди өлкө башчы.

Президент Кыргызстан соңку жылдары бутуна туруп келе жатканын белгилеп, ал эми сөз болуп жаткандар ушак менен жалааны негизги курал катары тандап, ыплас иштерди жасап жатканын айтат.

"Тийиштүү органдар менен чындык үчүн күрөшүүгө убакыт келип жетти. Мыйзам эл тарабынан шайланган өлкөнүн президентине эле эмес, баарына бирдей болууга тийиш экенин билиши керек", — деди Атамбаев.

Кыргызстандын президента Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев ЖКны таратууну колдоорун айтып, депутаттарга нааразы болду
Ошондой эле ал ушул тапта өлкөгө жана кыргыз элине тынчтык, туруктуулук, биримдик жана ынтымак керектигин айтып, ак эмгеги менен жеткен жарандардын укугу менен эркиндиги кимдир бирөөлөрдүн тараткан айың кептери, жалаасынын айынан жабыркап калбашы керектигин кошумчалады.

Буга чейин президенттин ар намысын коргогон башкы прокурор Индира Жолдубаева "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарын жана Zanoza менен "Азаттык" маалымат сайттарынын үстүнөн миллиондорду чапчыган эки арыз жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0