Президент Атамбаев жалаа жапкандарды макулукка теңеди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүОфициальный визит президента РФ В. Путина в Киргизию
Официальный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы бир катар мамлекеттерде жалган жалаа үчүн кылмыш иши козголорун белгиледи.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ишеним грамотасын тапшыруу аземинде ушак тараткандарды макулукка теңеди.

Мамлекет башчы бир катар мамлекеттерде жалган жалаа үчүн Кылмыш кодекси боюнча жаза каралганын белгиледи.

"Урматтуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, журналисттер жана катышуучулар, мен ушак тараткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга каршы экенимди ачык билдиргим келет. Бирок ушакчылар жасаган аракети үчүн жок дегенде айып пул төлөөсү зарыл. Себеби алардын моралдык жоопкерчилигине ишенүү мүмкүн болбой калды. Ушакчыларды Мухаммед пайгамбар өзүнүн каза болуп калган туугандарынын сөөгүн жеген кишиге салыштырган", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле журналисттерди профессионалдык этикага таянуу менен маалыматтарды текшерип жазууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0