Жылкыбаевдин ордуна депутат болуп Илмиянов келиши мүмкүн

Жазылуу
КСДП фракциясынын катчылыгы кийинки кезекте Икрамжан Илмиянов турганын бышыктады.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган КСДП фракциясынын экс-депутаты Узарбек Жылкыбаевдин ордуна Икрамжан Илмиянов келиши мүмкүн. Анткени аталган фракциянын тизмеги боюнча кийинки орунда Илмиянов турат.

"Тизме боюнча Икрамжан Илмиянов турат. Анын мандаттан баш тартып же ала турганы боюнча маалымат келе элек", — дешти КСДП фракциясынын катчылыгынан.

Эске сала кетсек, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп иштеген Асхат Акиев кызматтан кетип, ордуна Узарбек Жылкыбаев дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0