Депутат Айсулуу Мамашова декреттик өргүүгө чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Айсулуу Мамашованын архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин Ата Мекен фракциясынан депутаты Айсулуу Мамашованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү былтыр Данияр аттуу мырзага турмушка чыккан.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Айсулуу Мамашова декреттик өргүүгө чыкканы тууралуу маалыматты эл өкүлүнүн жардамчысы Мээрим Канатбекова тастыктады.

Кечээ спикер Чыныбай Турсунбеков пленардык жыйында депутат Айсулуу Мамашева декретке чыккандыктан пленардык жыйында беш депутат жок болорун айткан.

Белгилей кетсек, парламенттин эң жаш депутаты Мамашова былтыр Данияр аттуу мырзага турмушка чыккан. Жолдошу кесиби боюнча финансист, банк тармагында эмгектенери белгилүү.

Депутат Айсулуу Мамашова менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0