Жалал-Абад шаардык кеңеши тарады. Себеби, кесепети, кийинки кадам

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүВ перерыве пленарного заседания Госдумы РФ
В перерыве пленарного заседания Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч айдан бери ишин үзгүлтүккө учураткан Жалал-Абад шаардык кеңеши акыры тарап, учурда калаа мэрсиз жана бюджетсиз калды. Депутаттардын мындай кадамына Исмаил Мамытов саресеп салып көрдү.

Үстүбүздөгү жылдын 30-март күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин жыйынына мандат алган 31 депутаттын 23чү катышып, өздөрүн таркатуу боюнча бир добуштан чечим кабыл алышты. Шаардык кеңешти таркатуу демилгесин "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата-Журт" фракциялары көтөргөн. Анткен менен жыйынга "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаттары келбей койгон

Кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Кара-Балтада шаардык кеңеш тарачудай болуп турат
Эске сала кетсек, шаардык кеңеш буга чейин эки ирет коалиция түзүп, бирок андан майнап чыккан эмес.

Алгач "Республика — Ата-Журт", "Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресстен" турган коалиция түзүлгөн. Бирок биринчи жыйында күн тартибиндеги маселелерди караганга депутаттардын үчтөн биринин добушу жетпей, чогулуш болбой калган. Анда КСДП фракциясынын депутаттары жыйынга келбей койгон.

Ал эми кийин "Республика — Ата-Журт" фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгып, КСДП, "Кыргызстан", "Республика — Ата-Журт" фракциялары көпчүлүк коалиция түзүшкөн. Жыйында маселени караганга кайрадан добуш жетпей, оппозицияда калгандар жыйынга катышуудан баш тарткан.

Ошентип шаардык кеңеш дээрлик үч айлык убакытты текке кетирип, аягында тароо боюнча чечим кабыл алышты. Ал ортодо шаардын мэри шайланбай, бюджет бекитилбеген боюнча калды.

БШКнын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамир Жүндүбаев депутаттар мэр менен төраганы шайлоодо кворум жок болгондуктан тараганын айтты. 

Жүндүбаев: Жалал-Абад шаардык кеңешке эмки шайлоо майдын аягында өтүшү мүмкүн

"Буга чейин БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов келип депутаттар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан жок. Таркатуунун негизги себеби мэр менен төраганы шайлоодо кворумдун жоктугу болду", — деди Жүндүбаев.

Ал мындан кийинки болжолдуу кадамдар кандай болорун божомолдоду.

Выборы президента Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Талапкерликтен инаугурацияга чейин. Президенттик шайлоонун календары
"Шаардык кеңешти таратуу боюнча президенттин жарлыгы чыга элек. Ошондо гана так билинет. Бирок өзүңүздөр билгендей 28-майга өлкө боюнча 21 жергиликтүү кеңешке шайлоо белгиленди. Жалал-Абад шаардык кеңешке шайлоо ошондо болушу мүмкүн", — деди ал.

Жүндүбаев акыркы чечим БШК тарабынан кабыл алына турганын кошумчалады.

Ал эми БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Жалал-Абад шаардык кеңешин таратуу боюнча чечим БШКда каралып президентке жөнөтүлөрүн айтты.

"Чечим БШКда каралып, президентке жөнөтүлөт. Өлкө башчынын жарлыгы чыкканда гана таркатылды болуп саналат. Мыйзам боюнча шайлоого 45 күн калганда датасы коюлушу керек. Ошондуктан Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо 28-майга белгилгенсе максатка ылайыктуу болот", — деди Бекматов.

Ал эми Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын лидери Абдилбает Мамасыдыков депутаттардын тароо себептерине токтолду. 

Мамасадыков: жергиликтүү кеңештин тарашына себепчи болгондор шайлоого катышпашы керек

"Кызмат талашуунун айынан кепке келишпей койду деген туура эмес. Болгону айрымдар жеке өзүнүн кызыкчылыгын шаардын кызыкчылыгынан өйдө коюшту. Ошондон улам элден кечирим сурап, өз ыктыярыбыз менен таркап кетүүнү туура көрдүк", — деди ал.

Мамасадыков шайлоо өтсө жаңы адамдар келип, маселе чечилерине үмүт артып жатканын кошумчалады.

"Жаңы шайлоо болсо башкалар келет деген ишенич бар. Бирок шаардын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып, жеке кызыкчылыгын өйдө койгон адамдар эртең кантип кайра шайлоого катышат? Ошондуктан учурда сунуштар түштү. Эгерде жергиликтүү кеңеш кайсы бир депутаттын күнөөсү менен таркап кеткени аныкталса, анда мындан кийин ал адамды шайлоого катышуу укугунан ажыратуу керек", — деди Мамасадыков.

Ал аталган сунуш Жогорку Кеңештин депутаттарына бериле турганын кошумчалады.

Акча каражаттары жана калем сап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айыл өкмөт башчылыкка талапкерлерди 30 миң сом күрөө койдуруу сунушталууда
Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаттары менен байланышуудан майнап чыкпагандыктан аталган маселени Жогорку Кенеште бир канча ирет көтөргөн "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакировдун пикирин уктук.

"Бул жерде бирөөгө күнөө коюу туура эмес. Саясий көз караштар дал келбей калгандыктан ушундай жагдай жаралды. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Менин оюмча кайра шайлоодо баары ордуна келет", — деди Бакиров.

Ал эми БШКнын мурдагы жетекчиси Акылбек Сариев бул жагдай партиялык тизменин кесептинин улам жаралганын билдирди.

"Партиялык тизменин кесепетинен ушундай жагдай жаралды. Анткени бул жактагы жетекчилигинин айтканын кылып ушундай болуп жатат да. Маселе бир гана Жалал-Абадда болгон жок. Буга чейин Кара-Балта, Кеминде да ушундай жагдай жаралган. Эртең кайра шайлоо болсо ушулар эле келиши мүмкүн", — деди Сариев.

Ал маселени чечүү үчүн депутаттар менен кошо мэрди да эл шайлашы зарылдыгын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жанар Акаевдин депутаттык 17 айы. Жарандык вазийпа, милдет, мыйзам
Былтыр 11-декабрда Жалал-Абад облусунда 17 миң 500 адам шайлоого барган. Жети пайыздык көрсөткүчкө жетүү үчүн 1200дөй добуш алуу керек болчу. Шайлоонун жыйынтыгы менен шаардык кеңешке талапкер болгон жети партиянын бешөө өткөн.

"Өнүгүү — Прогресс"— 4 427 добуш; "Кыргызстан" — 2 633 добуш; "Ата-Журт"— 2 357 добуш; "Республика — Ата-Журт" — 1 660 добуш; "КСДП" — 5 842 добуш.

Жаңылыктар түрмөгү
0