Атамбаев: башаламандык уюштургуң келеби? СИЗОнун эшиги ачык!

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызмткерлери митинг учурунда. Архив
Милиция кызмткерлери митинг учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент буга чейин башаламандык уюштургандар УКМКнын СИЗОсунун VIP камераларында казы-карта, чучук жеп отурушканын белгилеп өттү.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Өлкөдө башаламандык уюштургандар мыйзам чегинде жооп беришерин президент Алмазбек Атамбаев 2013-2017-жылдарда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, буга чейин тополоң уюштургандар УКМКнын СИЗОсунун VIP камераларында казы-карта, чучук жеп отурушкан.

"Эгер башаламандык уюштургуң келсе, сени СИЗО күтүп турат. Кээ бирлердин эсинде башка нерселер калган. Тополоң кылгың келеби, биз сени күтөбүз. Бардык СИЗОлордун эшиги ачык. Бизге башкысы тынчтык менен биримдик керек. Кырдаалды курчутууга жол берилбей турганын эсиңерге түйүп алгыла",— деди президент.

Эскерте кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 25-мартта кармалган. Анын тарапташтары митингге чыгып милиция менен тиреше кеткен. Натыйжада 105 адам кармалып, 12си №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0