Путин кыргыз ТИМ башчысы Абдылдаевди Достук ордени менен сыйлады

© AP Photo / Vladimir VoroninРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алака-катнашты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн сыйланды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди Достук ордени менен сыйлады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Сыйлык министрге Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алака-катнашты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн берилди.

"Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө, евразиялык аймактагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Абдылдаев Эрлан Бекешович Достук ордени менен сыйлансын", — деп жазылган маалыматта.

Абдылдаев 2012-жылдан бери тышкы иштер министри болуп эмгектенип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0