Атамбаев Жалал-Абад шаардык кеңешин таратып, кийинки шайлоо күнүн белгиледи

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев подписал закон "Об обмене кредитной информацией"
Президент Алмазбек Атамбаев подписал закон Об обмене кредитной информацией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары буга чейин таркап кетүү боюнча чечим кабыл алышкан.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттарын таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары буга чейин таркап кетүү боюнча чечим кабыл алган. Кийинки шайлоо 28-майга белгиленди.

В перерыве пленарного заседания Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаардык кеңеши тарады. Себеби, кесепети, кийинки кадам
Былтыр 11-декабрда жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы менен шаардык кеңешке КСДП, "Кыргызстан", "Республика — Ата-Журт", "Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресс" партиялары өткөн.

Алгач үч фракциядан — "Республика — Ата-Журт", "Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресстен" турган коалиция түзүлгөн. Бирок биринчи жыйында күн тартибиндеги маселелерди караганга депутаттардын үчтөн биринин добушу жетпей, чогулуш болбой калган.

Кийин "Республика — Ата-Журт" фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгып, КСДП, "Кыргызстан", "Республика — Ата-Журт" фракциялары көпчүлүк коалиция түзүшкөн. Жыйында маселени караганга кайрадан добуш жетпей калган.

Андан сырткары Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы айылдык кеңештери да таратылды. Ал жакта дагы шайлоо 28-майда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0