Президенттер Молдовага ЕАЭБ алдындагы байкоочу статусун ыйгарууну колдошту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗаседание Высшего Евразийского экономического совета в Бишкеке
Заседание Высшего Евразийского экономического совета в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин саммитине Молдованын президенти Игорь Додон келген.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө мамлекет башчылары Молдованын биримдикке байкоочу болушун колдоду. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин кеңейтилген чөйрөдөгү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчылар тар чөйрөдө жолугуп сүйлөшүшкөн.

"Молдовага байкоочу статусун ыйгаруу чечими кабыл алынды. Эми ЕЭК берилген статусту ишке ашыруу тартибин көрсөтөт", — деди Атамбаев.

Эскерте кетсек, Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин саммитине Молдованын президенти Игорь Додон келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0