Түлеевге таандык "Караван" соода борбору мамлекеттин карамагына өттү

© SputnikТорговый комплекс "Караван" переходит в госсобственность
Торговый комплекс Караван переходит в госсобственность - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу ижарачыларга келишимди кайрадан түзүү же имаратты бошотуу зарылдыгын расмий түрдө кабарлаган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Караван" соода борбору мамлекеттин карамагына алынганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан билдиришти.

Андан сырткары, Үмөталиев менен Токтогул көчөлөрүндөгү киши жашабаган жайлар да мамлекеттин эсебине алынган.

Милиция оцепила здание компании Sapatcom в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Түлеев: имаратка кирип келгендер эч кандай документ көрсөткөн жок
Мындай кадамдар Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июнундагы жана 2014-жылдын 23-декабрындагы Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы чечимдеринин негизинде жасалууда.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу ижарачыларга келишимди кайрадан түзүү же имаратты бошотуу зарылдыгын расмий түрдө кабарлаган. Жакын арада фонд ижара келишимдерин кайрадан түзүү аракеттерин баштайт. Эгер андан баш тарткан ижарачылар болсо алар ээлеген жерин бошотуп, орду мыйзам чегинде башкаларга берилерин эскертүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Нариман Түлеевге таандык Sapat Center борбору дагы мамлекеттин карамагына алынган

Жаңылыктар түрмөгү
0