БУУнун башкы катчысы Антониу Гутеррештин Кыргызстанга сапары июнга белгиленүүдө

© REUTERS / Denis Balibouse/File photoБириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутеррештин архивдик сүрөтү
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутеррештин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Абдылдаев Ашхабадда "Борбор Азия — Япония" диалогунун тышкы иштер министрлеринин алтынчы жыйынына катышкан болчу.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш Кыргызстанга июнь айында келери күтүлүп жатканын КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай маселе КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен БУУнун Борбор Азиядагы аймактык борборунун жетекчиси Петко Драганов менен Ашхабадда жолугушканда көтөрүлгөн.

Буга чейин Абдылдаев Ашхабадда "Борбор Азия — Япония" диалогунун тышкы иштер министрлеринин алтынчы жыйынына катышкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0