Министрдин орун басары: ЖКдагы жыйында уктабай эле, кагаз окуп отургам

Жазылуу
Бул "уйкучу" атка минердин дарегине айтылган биринчи сын эмес.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Жогорку Кеңештеги жыйында уктап калды деп өзүнүн дарегине айтылган сын негизсиз деген пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

© Фото / пресс-служба Министерства сельского хозяйстваАйыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев
Заместитель министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР Жаныбек Керималиев - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев

Кечээ бир катар ЖМКлар аркылуу "Респубика — Ата Журт" фракциясынан депутат Жыргалбек Турускулов айыл чарба министринин орун басарынын Жогорку Кеңештин жыйынында уктап жатканын сынга алган.

ЖК депутаты Жылдыз Мусабекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жылдыз Мусабекова интернетке жарыяланган аудио боюнча үн катты
Эл өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигине дагы министрдин орун басары жыйын маалында жарым саат бою уктап отурганын өз көзү менен көргөнүн айтты.

"Министрдин орун басары жарым саат бою уктап кетип кайра ойгонуп жатканын карап отурдум. Аягында чыдабай кетип, анан айттым. Жыйында депутат Байпакбаевдин айыл чарбасына тиешелүү токтомун карап жатканбыз. Биринчи жолу уктап калганы дагы сабак болбоптур. Ал жерде вице-премьер Олег Панкратов дагы отурган", — деди Турускулов.

Эске салсак, бул министрдин орун басарынын дарегине уйку боюнча коюлган биринчи сын эмес.

Жергиликтүү ЖМКлар 2014-жылдын декабрь айында ал кездеги экономика министри Темир Сариевдин доклады учурунда Керималиевдин үргүлөп отургандыгын жазышкан.

"Кечээки жыйында депутат мени уктап калды деп күнөөлөдү. Анын айтканы чындыкка туура келбейт. Мен столдун үстүндө турган кагаздан маалыматтарды окуп, даярданып отургам", — деди Керималиев.

Ал эми биринчи жолку окуя боюнча ошол күндөрү сасык тумоолоп жүргөндүктөн дары ичкенин, анын курамында уктатуучу каражаттар болгондуктан көзү илинип кеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0