Лавров Трамп менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтты

© Фото / пресс-служба МИД РФРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ак үйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ак үйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лавров АКШ менен Россиянын президенттери июль айында Германияда өтчү "Чоң жыйырмалык" саммитинин алкагында жолугарын маалымдады.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ак үйдө АКШ президенти Дональд Трамп жана мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон менен болгон жолугушууда Москва менен Вашингтондун эл аралык аренадагы өз ара мамилелерин талкуулаган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

"Барыбызга белгилүү болгон оорчулуктарга карабастан биздин өлкөлөр эл аралык күн тартибинде турган маанилүү маселелерди бирге чечүүгө боло турганын тастыкташты", — деген пикирин Лавров жолугушуунун жыйынтыгында болгон маалымат жыйында билдирди.

Директор ФБР Джеймс Коми - Sputnik Кыргызстан
Трамп күтүсүз жерден ФБРдин директорун иштен алды
Тараптар Сирия боюнча Астанада боло турчу кийинки сүйлөшүү раунддарынын келечегин жана деэскалация аймагын түзүү маселелерин талкуулашкан. Лавровдун айтымында, АКШ менен Россия мындай аймактарды түзүү менен бардык өлкөлөрдөгү зомбулукту жоюуга жана гуманитардык жардам берүү маселелерин чечүүгө болорун түшүнөт. Андан сырткары мындай аракеттер саясий туруктуулук түзүүгө негиз болуп берет.

Жолугушууда ошондой эле палестина-израил маселеси, Афганистандагы абал жана Украинада Минск келишиминин сакталышы талкууланган.

"Президент Трамп маселелерди чечүүдө өз ара пайдалуу сунуштарын, прагматикалык мамилелерин так баса белгиледи", — деди Лавров.

Россиянын тышкы иштер министри эки мамлекеттин президенттери июль айында Германияда өтчү "Чоң жыйырмалык" саммитинин алкагында жолуга турганын маалымдады.

Ак үйдөгү Лавровдун жолугушуусу жабык эшик артында бир сааттан ашык убакытка созулуп, Тиллерсондун 12-апрелде Москвага болгон иш сапарына жооп катары болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0