КСДП президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогунда добуш берип жаткан жарандар. Архив
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган сунуш ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. КСДП президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фракциянын депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Эске сала кетсек, Бекешев тарабынан демилгеленген президентти жана эл өкүлдөрүн шайлоодогу жаңы тартиптер боюнча парламенттик угуу болуп, анда ар кыл сунуштар айтылган.

"КРдин президентин жана ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча негизги эки сунуш түштү. Алардын бирин КСДП лидери Иса Өмүркулов сунуштоодо. Эл өкүлү президенттик шайлоону 2017-жылдын 15-октябрында өткөрүү боюнча демилгесин ЖКнын тармактык комитетине берди", — деди Бекешев.

КСДП фракциясынын депутаты "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаттары президенттик шайлоого күрөөнү 2 миллион сомго көтөрүүнү сунуштап жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин шайлоону үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында өткөрүү боюнча сунуштар айтылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0