Мирзиёев жана Рахмон Трамп менен тамактанат

© AFP / MOLLY RILEYАКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясында 21-майда араб-мусулман өлкөлөрдүн саммити өтөт.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен Эр-Риядда араб-мусулман өлкөлөрү жана АКШ саммитине катышат. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги билдирди. 

Россиянын президенти Владимир Путиндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Путин Трамп менен "жашыруун" сүйлөшкөн Лавровду кантип жазаларын айтты
Маалыматка ылайык, Рахмон аталган саммиттин алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугары пландалган. Ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамп бир катар мусулман өлкөлөрдүн лидерлери менен түштөнөрү айтылууда.

Эр-Риядда өтө турчу саммитке жалпысынан 50дөн ашык мамлекеттин лидерлери катышат.

АКШнын президенти Трамп май айында чет жакка боло турчу биринчи сапары учурунда ислам мамлекеттеринин лидерлеринен экстремизмге каршы күрөшүүнү талап кыларын айткан.

Трамптын Сауд Аравиясына боло турчу сапары анын чет жакка жасаган алгачкы жумушчу сапары болот.

Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Адиль аль-Жубейр Американын президенти Трамптын бул сапарын "тарыхый" кадам деп атады.

Жаңылыктар түрмөгү
0