Жыпар Жекшеев КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагалыгына шайланды

© Sputnik / Жоомарт УраимовОфициальное открытие модернизированных офисов КТРК в Бишкеке
Официальное открытие модернизированных офисов КТРК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын коомдук байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Буга чейинки байкоочу кеңештин башчысы Жылдыз Бакашева болгон.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагалыгына шайланды. Бул тууралуу КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Facebook баракчасына жазды.

КТРКнын офисиндеги кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
КТРКнын байкоочу кеңешинин жаңы курамы бекиди
КТРКнын коомдук байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Буга чейинки байкоочу кеңештин башчысы Жылдыз Бакашева болгон.

Байкоочу кеңештин курамы беш жылга бекитилип, мүчөлөрүнүн ичинен бирөө төрагалыкка бир жылдык мөөнөттөн шайланып турат.

Белгилей кетсек, Жекшеев 2007-жылы ЮНЕСКО иштери боюнча КР Улуттук комиссиясынын башкы катчысы кызматын аркалаган.

2009-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.

"Даңк" медалынын ээси жана Казакстандын Ардак грамотасын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0