Фархад Бекманбетов ээлеген кызматынан бошотулду

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетовдун архивдик сүрөтү
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү жарлыкка премьер Сооронбай Жээнбеков кол койду.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка премьер Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Экс-президент Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаева: бизде чиновниктер чала сабаттуу
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттүн жыйынында аткаруучулук тартипте кетирген кемчиликтери үчүн Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархат Бекмамбетовдун ээлеген кызмат ордун кароо чечими кабыл алынган болчу. 

Бекманбетов бул кызматка 2016-жылы февраль айында дайындалган.

Ал 1976-жылы 26-мартта Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кара-Сай айылында туулган. Бекманбетов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун директору, "Айтыш-фильм" киностудиясынын продюсери кызматтарын аркалаган.

1993-1998-жылдары Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде "Финансы жана насыя" адистиги боюнча билим алган. Кийин 2005-2008-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында "Юриспруденция" адистиги боюнча билимин жогорулаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0