Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду

Жазылуу
Мурунку премьер-министр менен финансы министри ссуда катары бөлүнгөн 200 миллион сомду максатсыз пайдаланган деп айыпталып жатышат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Башкы прокуратура "Бир Бол" фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго карата кылмыш иши козголгонун аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Акылбек Жапаров
ЖК депутаты Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан
1/2
ЖК депутаты Акылбек Жапаров
© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Игорь Чудинов
ЖК депутаты Игорь Чудинов - Sputnik Кыргызстан
2/2
ЖК депутаты Игорь Чудинов
1/2
ЖК депутаты Акылбек Жапаров
2/2
ЖК депутаты Игорь Чудинов

Мурунку өкмөт мүчөлөрү 2009-жылдан 2015-жылга чейин 200 миллион сомдук бюджет ссудасын максатсыз пайдаланган жана мыйзамсыз бөлүштүргөн деп шектелип жатышат.

Иш Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча козголуп, тергөө УКМКга жүктөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0