Фарид Ниязов президент кеңешчилигинен эмнеге кеткенин айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРуководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ниязов 3-июнда КР президентинин кеңешчиси кызматынан өз каалоосу менен бошотулган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Фарид Ниязов КСДП партиясынын штабында иштей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ниязов бүгүн, 3-июнда Кыргызстандын президентинин кеңешчиси кызматынан өз каалоосу менен бошотулган. Анткен менен ал мамлекет башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.

"Мен КСДП партиясынын штабына кеттим. Аны жетектейм", — деди Ниязов.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.

КСДПнын саясий кеңеши партиянын атынан учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин президентикке көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0