Чыныбай Турсунбеков Россиянын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Кыргызстан менен Россия парламенттер аралык кызматташууну жакшыртат

73
(жаңыланган 17:49 03.06.2017)
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Петербургдары эл аралык XXI экономикалык форумга катышууда.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Чыныбай Турсунбеков Россиянын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Матвиенко ошондйо эле КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин да төрайымы болуп эсептелет. Турсунбеков экономикалык форумга Матвиенконун чакыруусу менен келген.

"Жолугушууда тараптар бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, Кыргызстан менен Россиянын парламенттеринин КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында кызматташуусу тууралуу сөз кылышты. Андан сырткары, эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы тууралуу да сүйлөшүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда төрага ЖМК өкүлдөрү менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берген. Ошондой эле дүйнөнүн анын ичинде Россиянын экономикасы да кайсы багытты көздөй өнүгүп жатканын өз көзү менен көргөнүн айткан.

Турсунбеков өз сөзүндө эки тараптуу парламенттер аралык мамилени чыңдоо боюнча бир пикирге келишкенин кошумчалады.

Жолугушууда Матвиенконун 3-6-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турчу "Шериктештиктин балдары" аттуу эл аралык маданий билим берүүчү форумга келиши дагы талкууланган.

73
Белгилер:
Валентина Матвиенко, Чыныбай Турсунбеков
Тема боюнча
КМШ мамлекеттеринин башчылары күзүндө Сочиде жолугат