Этникалар аралык мамилени тескеген мекеменин жетекчиси алмашты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖергиликтүү башкаруу жана этникалар аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жумагүл Эгамбердиеванын архивдик сүрөтү
Жергиликтүү башкаруу жана этникалар аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жумагүл Эгамбердиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгамбердиева бул кызматта 2016-жылдын сентябрынан тарта иштей баштаган. Ага чейин өкмөттүн Жалал-Абадагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жумагүл Эгамбердиева Жергиликтүү башкаруу жана этникалар аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Фарид Ниязов президент кеңешчилигинен эмнеге кеткенин айтып берди
Тийиштүү жарлыкка премьер Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Маалыматка ылайык, Эгамбердиева башка кызматка өтөт.

Өкмөт башчынын башка жарлыгы менен аталган кызматка Бахтияр Салиев дайындалды.

Эгамбердиева бул кызматта 2016-жылдын сентябрынан тарта иштей баштаган. Ага чейин өкмөттүн Жалал-Абадагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0