БУУнун Баш катчысы Бишкекке келип, андан соң Ошко барат

© REUTERS / Denis Balibouse/File photoИзбрание Генерального секретаря ООН
Избрание Генерального секретаря ООН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астана шаарында БУУ башчысы Шанхай кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын отурумуна катышып, сөз сүйлөмөкчү.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш 11-июнда Кыргызстанга келери аталган уюмдун сайтында кабарланды.

Ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугат. Андан соң Ош шаарына барып, 2010-жылда болгон Ош окуяларына карата уюштурулган иш-чарага катышат.

Гуманитарный кризис в Сомали - Sputnik Кыргызстан
БУУ: жер бетинде экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эң чоң гуманитардык каатчылык болууда
Иш сапар Борбор Азияны кыдыруунун алкагында болмокчу. Гутерриш Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга келет. Ал аталган мамлекеттердин башчылары менен да жолугуп, бир катар маселелерди талкуулайт.

Маалыматта Астана шаарында БУУ башчысы Шанхай кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын отурумуна катышып, анда чыгып сүйлөөрү айтылган.

Ашхабадда 13-июнда БУУ жетекчиси Борбор Азиянын терроризм менен күрөшүүсүнө арналган жогорку деңгээлдеги жыйынга катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0