Президент Алмазбек Атамбаев Россияга жөнөп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаевдин сапарынын учурунда Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү өткөрүлөт.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Россияга жөнөп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Россия президенти Владимир Путин, өкмөттүн төрагасы Дмитрий Медведев, ошондой эле Башкыртстандын башчысы Рустэм Хамитов жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушат.

Атамбаевдин сапарынын учурунда Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү өткөрүлөт. Мындан тышкары, бир катар документтерге кол коюу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0