Президенттик шайлоо: БШК талапкерлер менен ЖМКларга кайрылуу жасады

Жазылуу
Мыйзамга ылайык, үгүт иштери башталганга чейин ЖКМларда кайсы бир талапкерге же саясий партияга артыкчылык берген, талапкерлер арасындагы тең салмактуулукту бузган макала жарыяланбашы керек.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин көрсөткөнү жаткан жарандарга, саясий партияларга жана ЖМКларга кайрылып, мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин баштабай турууга чакырат.

"Учурда президенттикке талапкерлерди каттоо иштери жүрүп жатат. Бирок буга карабай кээ бир жарандардын жана саясий партиялардын ЖМКларга жарыялап жаткан материалдарында үгүттөөнүн белгилери байкалып турат. Эскерте кетсек, үгүт материалдарын жарыялоого талапкерлердин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин гана уруксат берилет. Тагыраагы 2017-жылдын 10-сентябрынан тарта 14-октябрына чейин", — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзамга ылайык, үгүт иштери башталганга чейин ЖКМларда кайсы бир талапкерге же саясий партияга артыкчылык берген, талапкерлер арасындагы тең салмактуулукту бузган макала жарыяланбашы керек.

Жогоруда айтылган эрежелерди бузган талапкерлер жана ЖМКлар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

БШКнын үгүт иштерин жүргүзүү тартибинин сакталышын көзөмөлдөөчү тобу ЖМКларга мониторинг жүргүзүп турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0